Ошто шаарында аялына кол көтөрүп, коркутуп зомбулук көрсөткөн жаран 9 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган К.М. аялына бир нече ирет зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалган.
Иликтөө учурунда анын көп ирет мас абалында аялына кол көтөрүп, коркутуп, зомбулук жасап келгендиги, буга чейин 2 ирет эскертүү берилгендиги аныкталган.
«Ош шаардык соту аялына зомбулук көрсөткөн күйөөсүн 9 суткага кармоо боюнча чечим чыгарды. Учурда ал жаран кармалды»,- деп берилет билдирүүдө.