7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектепке кеткен бойдон дайынсыз болгон окуучу Чолпон-Атадагы магазинден табылды

1002

Ысык-Көлдө мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда болжол менен саат 16:00дө Ысык-Көл райондук милициясына 47 жаштагы Бостери айылынын тургуну кайрылып, анын 14 жаштагы уулу эртең менен мектепке кетип, кайра үйгө кайтпагандыгын билдирген.

Аталган факты милициянын электрондук маалымат журналына катталып, өздүк курамы болсо жаш өспүрүмдү издөөгө тартылды.

Өспүрүм түн орстосунда Чолпон-Ата шаарынын күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнүн биринде табылган. Жүргүзүлгөн профилактикалык баарлашуудан кийин, өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди”, — деп айтылат маалыматта. Учурда өспүрүмдүн үйдөн ата-энесине айтпай кетип калуусунун жагдайлары аныкталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003