7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептер менен ЖОЖдордо электр энергиясын үнөмдөө чаралары киргизилди

225

Өлкөдөгү билим берүү уюмдарында электр энергиясын үнөмдөө чаралары күчүнө кирди.
Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эми окуу процесси аяктагандан кийин жана бардык сабактар бүткөн соң 60 мүнөттөн кечиктирбестен, имараттардагы электр жарыгы өчүрүлүшү керек. Тазалоо иштери бүткөндөн кийин гана энергия толук өчүрүлөт.

Мында имараттын коопсуз иштешин камсыз кылуучу инженердик системалар (жылуулук, суу, күзөт жана башка кызматтар) бул чектөөгө кирбейт. Ошондой эле бул талап жатаканаларга жана окуучулардын жашоо-тиричилигин камсыз кылган объектилерге колдонулбайт.

Чаралар өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу жана энергия ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатын көздөйт.

226