7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептерде бомба тууралуу жалган маалымат бергендер кармалды

555

Кыргызстандын аймактарында жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган адамдардын тобу аныкталып, кармалды.

Маалыматка караганда, 2009-жылы туулган бир жана 2008-жылы туулган 3 жаран кармалган. Алар 2023-жылдын 30-ноябрында жана 18-декабрында чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрук беришкен. Андан кийин Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн.

Жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалган жарандар КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

Ушуга байланыштуу, УКМК бул жосундарды жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү”) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.

556