Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
“Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.