7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мен силерди тажаттымбы?» Хабиб Нурмагомедовго кол салуу болду

1527

Орусиянын Нижний Новгород шаарында белгисиз адам UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго кол салды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, окуя Нижний Новгороддо өткөн Хабиб Нурмагомедовдун «Eagle FC» турниринен кийин болгон. Кол салган адамды мушкердин күзөтчүлөрү дароо кармап калган.

Бул окуядан кийин Хабиб Нурмагомедов Инстаграмдагы сториз бөлүмүнө «Мен силерди тажаттымбы?» деп суроо салган.

Эске сала кетсек, 18-августта өткөн маалымат жыйында Хабиб Нурмагомедовдон журналисттер Ооганстандагы абал боюнча пикирин сураган. Бирок Хабиб Нурмагомедов ал жактагы абалга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Бул билдирүү көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1528