Казакстандын мектептеринде домбрада ойноо предмети киргизилет. Бул тууралуу казакстандык ММКлар Ы. Алтынсарина атындагы Улуттук билим берүү академиясынын вице-президенти Алмагүл Мухамедхановага шилтеме берип жазып чыгышууда.
Белгиленгендей, домбра черткенди үйрөтүү сабагы 6-класстан тарта кирип баштайт. Азыркы учурда сабак экспертизадан өткөрүлүп жатат, аяктаган соң бардык билим берүү мекемелерине жөнөтүлөт.
«Улуттук баалуулуктар — бул өтө маанилүү. Биз адамдарга жөн гана мекенди сүйүүгө эмес, анын ичиндеги баалуулуктарды да баалай билүүгө, аларды колдоно билүүлөрүнө түрткү болушубуз керек», — деген ал.