7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мени ушул жумуштан алыңыз»: Камчыбек Ташиев президентке кирип, кандай жооп алганын айтып берди

21

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 11-ноябрда Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуп, Тажикстан менен болгон чек ара маселелери толук чечилгенин айтып берди.  Ал өз сөзүндө чек ара боюнча президенттин тапшырмасы 5 жылда аткарылып бүткөнүн билдирди.

«Кыргызда айтып коет, «биле-биле көсөм болосуң, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң» дегендей, мен деле башында чек араны кантип чечишибиз боюнча көп деле маалыматым жок эле.

Башында президент койгондо айткам, «Мен ушуну кылбай эле коёюнчу. Койчу, муну башка бир адамга эле берчи» десем, «жок, сен бүтүрбөсөң эч ким бүтүрө албайт» деп мени зордоп жүрүп койду эле. Анан иштин жарымына келип калганда болбой калып, мен кайра бардым президентке. «Урматтуу президент мени ушул жумуштан алыңыз. Мамлекеттик комиссиянын (чек ара боюнча) башчысы боло албайм» деп «отказ» кылып бардым алдына. Барсам президент айтты «Жок, андай болбойт. Сен аягына чыгарышың керек. Кыйынчылык бар, өтө кыйын. Бирок аягына чейин тур» деп президентибиз зордоп жүрүп акыры ушуну аягына чыгардык. Азыр эми чек боюнча менден өткөн адис жок болуп калды. Баарын көрүп, билип, ызы-чуу болуп жүрүп билип калдык. Президенттин 2020-жылы күздө койгон тапшырмасы мына 5 жылдан кийин аткарылып бүттү. Эми чек ара толук бойдон коопсуз болду . Мындан ары кудай буйруса коңшуларыбыз менен ынтымакта жашайбыз», — деди Ташиев.

Ал буга катар эле чек арадагы кагылыштарда каза болгон жоокерлердин жакындарына, жарадар болгондорго мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканын, чек арачылардын маяналары көбөйтүлүп, армияны күчтөндүрүүгө миллиарддаган акчалар жумшалып, куралдар алынганын кошумчалады.

22