7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр: Жакында 95 жаңы 12 метрлик автобус келиши күтүлүүдө

161

Жакында кошумча 95 жаңы 12 метрлик Ютонг автобусу келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын транспорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Мэрдин айтымында, бүгүнкү күндө күн сайын 1500дөн ашык унаа Бишкек шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт.

«Акыркы үч жылда президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кытайдан 1000 жаңы газ менен жүрүүчү автобус сатылып алынып, 3000ден ашык кичи автобус каттамдан чыгарылды. Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен 120 электр автобусу сатылып алынды, 85 кубаттоочу станция орнотулду, ал эми №1 жана №2 автобус деполору толугу менен жаңыртылды. Транспорт тармагында болжол менен 3500 адам иштейт, алардын 2500  айдоочулар”, — дейт ал.

Ошондой эле мэр жол тармагына да олуттуу көңүл бурулуп жатканын кошумчалап, 2025-жылга карата 125 көчөдө жана алардын 38инде тротуарларда капиталдык оңдоо иштери пландаштырылган. 51 көчөдө оңдоо иштери аяктап, 20 000ден ашык погон метр тротуар калыбына келтирилди. Төрт көпүрө курулууда, алардын бири  пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө жолдорду оңдоо иштерине 300дөн ашык атайын техника тартылып, 1000 ге жакын адам эмгектенип келет.

162