7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү шарт түзүүдө

290

2024-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин демилгеси менен борбор калаанын башчысы майыптыгы бар жарандар менен жолугушуу өткөрүп, алар коомдук жайларда пандустарды туура орнотууну өтүнүшкөн.

Шаар башчысынын тапшырмасы менен майыптыгы бар адамдар жана кыймыл-аракети чектелген топтор үчүн заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орнотуу боюнча долбоор башталган. Майыптыгы бар адамдардын өкүлдөрү майрамдык иш-чараларга баруу жана медициналык тейлөөлөрдү алуу үчүн эки негизги объектини сунушташкан.

Долбоордун алкагында 2025-жылдын 10-январында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктары боюнча медиаэксперт, «New Age» коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов жаңы пандустардын ыңгайлуулугун текшерүү максатында объекттерге практикалык изилдөө жүргүзүштү.

Активист жеке мисалында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Улуттук оорукананын ЛОР бөлүмү жана Камволдук-нооту Ачык акционердик коому комбинатынын алдындагы пандустардын ыңгайлуулугун көрсөттү. Долбоордун алкагында «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы «Бай Ниет» жана «Береке Билдинг» компаниялары менен биргеликте заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орното баштады.

Шаар башчысы «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына ай сайын кеминде төрттөн бардык талаптарга жооп берген пандустарды орнотуу тапшырмасын берди. Өз кезегинде, майыптыгы бар адамдарга бир топ кыйынчылыктарды жараткан дагы 10 дарек активисттер тарабынан сунушталды.

Белгилей кетсек, пандустарды орнотуу бул ар бир жашоочу физикалык чектөөлөрүнө карабастан эркин жана коопсуз кыймылдай ала тургандай жеткиликтүү шаар чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Долбоорду ишке ашырууда меценаттар да тартылып, алар майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды орнотууга чоң салым кошууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

291