Мерседестегилер 240 км/саат ылдамдыкта баратып кырсыкка кабылды.
Turmush басылмасына маалым болгондой, 19-январь күнү саат 11:30 чамасында Ош-Баткен — Раззаков жолунун 161- чакырымында күн чыгыштан батышты көздөй «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын ылдамдыкты ашырып бара жаткан Ош облусунун Араван районунун тургуну рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Айдоочу жеринде каза таап, жанындагы жүргүнчү оор абалда ооруканга жеткирилген. Кийинчерээк жеткирилген жүргүнчү да дарыгерлердин көз алдында жан бергендиги белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза тапкандардын бири 1997-жылы туулган.
Булак: Turmushhttps://m.facebook.com/story.php?story_fbid=181693371170999&id=100079910115998&mibextid=Nif5oz