7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мессинин ойногуну бардык атаандаштарын таң калдырат». Роналду Лионель Мессини куттуктады

554

Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентина менен Франциянын курама командалары беттешип, Аргентина командасы футбол боюнча дүйнө чемпиону аталды. Белгилүү футболчу Роналду Лионель Мессини куттуктап, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Бул жигиттин ойногуну бардык атаандаштарын таң калдырат. Мен көптөгөн бразилиялыктарды жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы адамдар Мессини колдогонун бул финалда көрдүм. Дүйнө чемпиондугунун жылдызы эле эмес, бүтүндөй бир доордун капитаны болгон генийге татыктуу болду. Куттуктайм Месси! — деди ал.

Эске салсак, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңишке жеткенден кийин Месси карьерасын Аргентина курама командасында токтотпой турганын айткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555