7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…»

597

Бүгүн, 12-декабрь кыргызды дүйнө элине тааныткан, атагы ааламга жеткен Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Калемгер 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.

Залкар жазуучунун учкул сөздөрү:

  • Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.
  • Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу.
  • Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.
  • Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.
  • Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.
  • Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…

  • Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.
  • Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.
  • Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.
  • «Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менин оюмча, бактылуу кезиңде да билинет.
  • Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.
  • Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

598