7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миңден ашуун жаран алимент төлөөдөн качып жүрөт. Жазалар күчөтүлөт

183

Республика боюнча бүгүнкү күндө 1200 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 миң аткаруу баракчасы келип түшкөн.
Депутат Ырысбек Атажанов бул көрсөткүч ажырашкан үй-бүлөлөрдүн санына барабар экенин белгиледи.

«Бул абдан чоң көрсөткүч. Мындайга жол бербөө үчүн ажырашуулардын механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Өз баласын бакпаган ар бир эркек сыйга татыктуу эмес, биз жазаны катаалдаштырышыбыз зарыл», — деди эл өкүлү.

184