Мигранттар Президенттик шайлоого катышуу учүн Россиядагы Элчиликтин консулуна кайрылса болот. Бул тууралуу элчилик кайрылуу жарыялады.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан 29-декабрга чейин иш күндөрү саат 09.00дон 18.00го чейин жана дем алыш күндөрү саат 10.00дон 15.00го чейин шайлоочуларды кабыл алуу болот.
«Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуу! 2021-жылдын 10-январында Президенттик шайлоого карата Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Элчиликтин консулдук бөлүмү 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин күнүгө Ошого байланыштуу Москва шаарында шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн, 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын Элчиликке кайрылып шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүсүн эскертебиз.
https://tizme.gov.kg веб-сайтындагы шайлоочулардын алдын-ала тизмесинен өзүңүздү текшерип алыңыз!», — деп жазылат кайрылууда.