7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мигранттардын эсине! Россияда чет элдик жарандарга жаңы эреже киргизилди

1099

Россияда чет элдик жарандарга карата жаңы эреже киргизилди.  Мындан аары аэропорттон мигранттардын медициналык күбөлүгү тыкыр текшерилет. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. ИИМ Россияга иштеп бара турган жарандарды жаңы эрежеге даяр болууга чакырат.

Маалыматка караганда, жаңы эреже пандемиялык абалды эске алуу менен киргизилген, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта ишкекирет.

Ага ылайык, Россияга иштегени барган жарандар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

  • Россияга киргенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде бир жолку дактилоскопиялык мамлекеттик каттоодон өтүп, сүрөткө түшүү;
  • Россиянын аймагына киргенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде баңгизатты же психотроптук каражаттарды дарыгердин сунуштамасы жок өз алдынча колдонгон-колдонбогонун, коомчулукка коркунуч жараткан инфекциялык ооруларынын бар-жогун, ВИЧке кабылган-кабылбаганын аныктоочу медициналык кароодон өтүү;
  • Аталган медициналык документтердин мөөнөтү бүткөндөн кийин 30 күндүн аралыгында жаңыланган документтерди ички иштер сферасындагы аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык органына же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу электрондук формада тапшыруу керек. Мындан сырткары, ведомстволордун алдындагы же ыйгарым укуктуу уюмдарга да өткөрүп берсе болот.

Жогоруда аталган талаптарды аткарбаган учурда Россиянын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, Россиянын мыйзамдарына ылайык, мындай жарандардын Россияга келбей эле койгону оң экени тууралуу же өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.

«Дарыгердин уруксаты жок өз алдынча баңгизатын колдонгондор, коомчулукка коркунучтуу оорусу барлар же ВИЧ-инфекциясына кабылгандар аныкталса дагы жогорудагыдай чечимдер кабыл алынат«, — деп айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1100