7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды

4798

Орусиянын Калининград облусунун губернатору Антон Алихановдун буйругу менен мигранттарга автобус айдоого, таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, жарлыкка ылайык, мигранттар тарбиячы, наабайчы жана кондитер болуп иштөөгө да укугу жок. Мындан тышкары мигранттарга башкаларды ишке орноштурууга, жумушчу тандоого жана батир берүүгө тыюу салынды.

Губернатордун жарлыгы 3 айдан кийин күчүнө кирип, жыл аягына чейин иштейт.

Облустук бийлик бул пандемия учурундагы чектөөлөргө байланыштуу болгонун, тыюу салынган тармактарда вирус тароо ыктымалдыгы бар деп табылганын билдирди.
Калининград облусунда 1-июлдан тартып эмделбеген туристтерге саякаттоого тыюу салынды. Вируска каршы вакцина албаган кызматкерлер командировкага да чыга алышпайт. Балдар кинотеатр жана соода оюн-зоок борборлоруна ата-энелерисиз бара алышпайт.

Орусиянын 20 чакты аймагында айрым тармактарда иштеген кызматкерлерге вакцина алуу милдеттендирилди. Москвадагы кафе-ресторандарга эмделген, ооруп сакайган же оорусу жоктугун аныктаган тест жыйынтыгы бар адамдар гана кирип, тамактана алышат.

Белгилей кетсек, Орусия коронавируска чалдыккан жана андан көз жумгандар саны боюнча дүйнөлүк тизмеде алдыңкы орунда турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4799