7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

МИК: Сентябрь ичи мамлекеттик ипотеканын кезеги жаңыланат 

253

Сентябрь айынын ичинде ипотекалык мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларынын кезеги жаңыртылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, май айынан бери программанын катышуучуларынын кезеги белгиленген тизме жаңылана элек болчу.

“Программанын катышуучуларынын кезегин жаңылоо боюнча учурда иштер жүрүп жатат. Ошондо арзан ипотека багыты боюнча буга чейин канча жаран батир алып, кезек канчалык жылганын өзүңүздөр көрсөңүздөр болот. Мамлекеттик ипотекалык компания курулган үйлөрдүн 60 пайызын жеңилдетилген ипотека, 30 пайызга жакынын арзан ипотека ал эми 10 пайыздын тегерегинде социалдык ипотека багыттарында берүүдө”,- деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү.

Мындан сырткары, Гүлзат Тотубаева жагдайга байланыштуу батирлер пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлүп берилип жатканын кошумчалады.

254