Инспекторду унаасынын капотунда сүйрөп, из жашырып кетти делген айдоочу кармалды.
Бишкек ШИИБ кабарлагандай, окуя 4-сентябрь кечке жуук Дордой-1 жаңы конушунда болгон.
Кечээ укук коргоо кызматкери анын (кармалган айдоочу) жол жээгинде мыйзамсыз бензин сатып жатканын байкап калган. Милиционердин мыйзамсыз сооданы токтотуу талабын аткарбай, из жашырып кетем деп аны сүзүп, капотунда сүйрөп кеткен.
Айдоочу бүгүн кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча иш козголду.