7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиционерлер көлгө чөгүп бараткан 17 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калышты

446
Милиция кызматкерлери Чоң Сары-Ой айылында көлгө чөгүп бараткан кызды сактап калышты. Бул тууралуу ИИМДен билдирди
18-июль күнү саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө көлдөгү кырсык тууралуу кооптуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу кыска мөөнөттө барган учурда, көл жээктен алыс жана дээрлик жашоо белгилери жок адамды байкашкан. Милициянын лейтенанты Адилет Юсупов, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Азамат Асанов, Чоң-Сары-Ой айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, ошондой эле жергиликтүү тургун Алишер Асангулов куткарууга шашылышкан.
Оор шарттарда аркеттенүү менен, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургун чөккөн кызды куткарып жээкке чыгарышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук тез жардам кызматына кызды өткөрүп беришкен. Өз кезегинде куткарылган кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жана жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдиришти.

Жабырлануучу кыз 2007-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну.

 

447