Милиция 9 жаштагы Сумаяны өлтүргөн шектүүнү бошотуп жиберди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш жасаган деген шек менен тергөөгө камсыздалган жарандын психикалык жактан жабыркагандыгы анын жактоочусу тарабынан айтылып, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы, анын берген көрсөтмөлөрү менен юридикалык баа берилет.