7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция бөлүмү «Мадина» базарынын аймагында ачылды (ВИДЕО)

1000

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы милиция бөлүмү «Мадина» базарынын аймагында ачылды. Бул тууралуу райондук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаардык ИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев, начальниктин орун басары Тилек Түкебаев, Свердлов райондук милициясынын башчысы Азамат Байгазиев, «Мадина» базарынын жана «Элчи» ЖЧКнын өкүлдөрү катышты.

«Мадина» базарынын өкүлдөрүнө өз ара кызматташтык жана бишкек милициясына кошкон салымы үчүн Ногойбаев ыраазычылыгын айтты.

Милициянын жаңы ачылган бөлүмү 09:00дөн баштап 22:00гө чейин иштейт жана аталган пунктунда 4 кызматкер иштеп жатат, алар бул аймакты тейлешет.

Эскерте кетсек, жарандарды жана шаардын конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту жана жарандардын укугун коргоо боюнча өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1001