7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Али Токтакунов: Ууруларды колго чабыш үчүн саясатка аттандым

2134

Коррупция боюнча иликтөөлөрдү жасаган аналитик журналист Али Токтакунов Ата-Мекен партиясы менен бирге саясатка аттанды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрь Ата-Мекен партиясынын курултайында түз эфирде айтты. Белгилей кетсек түз эфир өзүнүн жеке баракчасында дагы чагылдырылды.

Токтакунов мындан мурдараак, партияга кошулуп Жогорку Кеңешке баруу ниетинен баш тартканын, андан көрө коомго пайдалуу иликтөөлөрдү жасай берүү пайдалуу жана натыйжалуу болоорун жазган эле. Бирок учурда ал билдирүүсүнөн дайын жок.

Саясатка аттануусунун негизги себебин, буга чейин коррупционерлердин бетин ачкан менен аларга чара көрө албай калганы менен түшүндүрөт.  Ал эми «Ата-Мекен» партиясын тандап алуусун, мындайча түшүндүрөт.

«Акчалуу жаш партиялардан аябай көп чакыруулар болду. алар бүгүн бар да эртең жок. А мен тайманбас, коркпос, туруктуу команда менен бирге болгум келди, ошо үчүн ушул партияны тандадым» -дейт.

Али ( Мухаммедали) Токтакунов Азаттыктын мурдагы журналисти, учурда «Медиахаб» борборунун негиздөөчүсү. Коррупция боюнча өлкөдөгү эң чоң иликтөөнүн автору.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2135