Бишкек шаарынын аймагында 17нен 23-декабрга чейинки аралыкта 4 миң 638 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 75 мас абалында автоунаа башкаруу фактысы аныкталган.
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 20;
 - айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 49;
 - жасалма номер менен автоунаа айдоо — 3;
 - жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 124;
 - башка жол эрежелерин бузуулар — 4 367.
 
Ал эми ар кандай эреже бузган 385 автоунаа айып короосуна киргизилген.




