7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция ишкер айымды буюртма менен өлтүрүүгө келгендерден сактап калды

555

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор кылмыштын алдын алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына облус борборунда ишкерлик менен алектенген жаранды өлтүрүп, мүлкүн тоноп кетүүгө даярдык көрүлүп жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Башкы уюштуруучу катары шектелип жаткан адам кылмыш жасоого шерик издеп, тааныштарына байланышка чыккан. Акыры ири суммадагы акча берүү шарты менен бирөөнү көндүргөн.

Бул боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (адам өлтүрүүгө даярдык көрүү) жана 112-беренесинин 10-бөлүмү (каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон адам өлтүрүү) менен иш ачып, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кандуу окуяны болтурбоо тапшырмасы берилген.

Мунун негизинде атайын операция уюштурулуп, башкармалыктын ыкчам кызматкерлери 13-январдын түнүндө шектүүлөр 1964-жылы туулган К.Р.ны жана анын шериги Ш.В.ны кылмыш үстүнөн кармашкан.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, кылмышты уюштуруучу катары шектелип жаткан жаран мурда да соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыккан.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

556