7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция: Көлдө 2 баласын таштап, кайтып келбеген ата-энеге издөө жарыяланды

1816

Көлдө 2 баласын таштап, кайтып келбеген ата-энеге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук милициясына 59 жаштагы аял кайрылып, 17-июлда болжол менен 21:00 чамасында 25-30 жаштардагы жашы жете элек эки баласы бар белгисиз аял Бостери айылындагы жеке сектордо бир бөлмөнү ижарага алганын билдирген.

18-июлда болжол менен саат 9:30дарда балдардын апасы жеке сектордун кожоюнуна балдарын карап туруусун суранып, өзү белгисиз тарапка кетип, кайра келген эмес.

Балдардын айтымында, алардын улуусунун аты «Алинур», кичүүсүнүн аты «Акылбек», бири 4, экинчиси 2 жашта. Атасынын аты «Жолдош», апасынын аты «Перизет». Бирок жашаган дарегин так билишпейт.

Алинурдин кийими: боз футболка, көк шорты жана сланцы.

Акылбектин кийими: ачык-кок түстөгү футболка, көк шорты жана сланцы.

«Жашы жете элек балдардын ата-энелери же туугандары жөнүндө билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0505250545, 0502112131, 0709060962, 0394345202 же Ысык-Көл РИИБнин 102 кыска номерине кайрылып билдирип коюңуздарды суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1817