Милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн үчүн жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлдү
УТРК телеканалынын «ТЕЛЕКҮЗӨТ» программасында жарыяланган видеоматериалда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери мас абалында унаа башкарган айдоочуну МНДге жеткирген учур көрсөтүлгөн.
Алкотест тапшыруу учурунда жаран өзүн адепсиз алып жүрүп, МККБ кызматкерлерине карата уятсыз, оозго алгыс сөздөрдү айтып, коомдук тартипти одоно бузган.
Видеоматериал жарыялангандан кийин, эртеси күнү жаран МККБнын имаратына жеткирилип, аны менен түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын МЭЖне катталган. Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган М.Д.М. аттуу жаран Октябрь РИИБге жеткирилип, материалдар райондук башкармалыктын Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган укук бузууну жасагандыгы үчүн жогоруда көрсөтүлгөн жаран Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Милиция коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында катуу чаралар көрүлөрүн эскертет. Ички иштер органдары тарабынан ар бир укук бузууга ыкчам жана мыйзам чегинде чара көрүлөт.



