7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция майрамдарга карата күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

629

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы май майрамдарына карата 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

«Бул күндөрү республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу иш-чаралары өткөрүлөт. Ошондой эле өзгөчө маанидеги жана стратегиялык объектилер күчөтүлгөн коргоого алынган. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалыматтар боюнча актуалдуу маселе турат. Мындай кылмыштарды алдын-алуу, бөгөт коюу үчүн Күзөт кызматынын кызматкерлери комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630