7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Башкы милдетибиз — конституциялык принциптердин кынтыксыз сакталышын камсыз кылуу»

391
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Салтанаттуу жыйындын кадырлуу катышуучулары! Ардактуу меймандар!

Бүгүн биз өлкөбүз үчүн өтө маанилүү окуяны – легендарлуу парламент катары тарыхта калган Жогорку Советтин 12-чакырылышы тарабынан кабыл алынган көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Конституция азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеп, адам жана анын өмүрү, укуктары жана эркиндиктери мамлекеттин жогорку баалуулуктары деп жарыяланды. Бул документте эгемендиктин, элдик бийликтин, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн, укуктун үстөмдүгүнүн жана демократиянын принциптери бекемделди. Эгемендүү кыргыз мамлекетин куруунун укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталды.

Бүгүн биринчи Конституциянын 30 жылдыгын салтанаттуу жагдайда белгилеп жатып, анын кабыл алынышы көптөгөн ишмерлердин, аң-сезимдүү жарандардын аракети аркылуу келген чоң жетишкендик болгондугун баса белгилеймин. Андыктан, аны түзүүнүн жана кабыл алуунун түйшүктүү иштерине чымыркана катышып, ыйык озуйпаны аркалагандардын баарына терең ыраазычылык билдиремин.

Ошону менен бирге элибиз кылымдар бою көксөп келген Эгемендүүлүктүн түп мүдөөсүн туюнткан, Кыргызстандын саясий, укуктук жана экономикалык системасын аныктап турган Баш мыйзамыбыздын 30 жылдык мааракеси менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу коноктор!

Эгерде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн конституциялык өнүгүүсүнүн тарыхый этаптарына учкай кайрылсак, анда бул өнүгүү Кыргызстандын азыркы мамлекеттик эгемендигинин калыптанышы менен байланыштуу экендигин белгилей кетүүбүз кажет.

Кыргызстанда эң алгачкы Конституция 1929-жылдын 25–30-апрелинде болуп өткөн Бүткүл кыргыз советтеринин II съездинде кабыл алынганы белгилүү. Ага чейин Кыргызстан автономиялуу облус статусуна ээ болуп, ошол учурдагы саясий жетекчиликтин көз карашында республикага айлануунун бардык белгилери болгон. Ошондуктан кыргыз элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана республиканы түзүү маселеси ачык бойдон калган. Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков сындуу кеменгер лидерлердин ишмердигинин натыйжасында гана 1926-жылдын башында РСФСРдин Борбордук аткаруу комитетинин Президиуму Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз автономиялуу республикасына өзгөртүп берүүнү  чечкен. Натыйжада, жаңы республиканын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлүп, 1929-жылдын 30-апрелинде Бүткүл кыргыз советтеринин съездинде кабыл алынган.

Конституциянын кабыл алынышы элдин өз тагдырын өзү аныктоо, эгемендүү мамлекетти түзүү кыялдарын ишке ашыруу укугун туюнткан. Кыргыз АССРи конституцияга ээ мамлекеттин бардык саясий укуктарын алган, анда анын улуттук, экономикалык, социалдык өзгөчөлүктөрү чагылдырылган эле.

Жалпысынан белгилей кетсек, кыргыз эли үчүн автономиялуу республика түрүндөгү мамлекеттүүлүк калкыбыздын тагдырына оң таасирин тийгизди. Тез өнүгүүгө жол ачылды, атап айтканда: экономикалык жана маданий турмушта өзгөрүүлөр болду; Эң башкысы — Кыргыз АССРин СССРдин курамындагы союздук мамлекетке өзгөртүү үчүн өбөлгөлөр пайда болду. Ал эми дагы он жылга созулган талбаган аракеттердин натыйжасында Кыргыз АССРи 1936-жылы союздук республика болуп түзүлдү жана түздөн-түз СССРдин курамына кирди.

1937-жылдагы Кыргыз ССРинин Конституциясы союздук Конституциянын негизги принциптерине ылайык курулган жана ошону менен бирге Кыргызстандын улуттук республика катары өзгөчөлүктөрүн чагылдырган. Алар коомдук түзүлүш, жогорку жана жергиликтүү бийлик, башкаруу органдары, сот жана прокуратура, жарандардын негизги укуктары жана милдеттери, шайлоо системасы жөнүндөгү главаларында чагылдырылган.

Бирок кийинки жарым кылымдай убакыттагы  советтик коомдогу терең өзгөрүүлөр коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө  таасирин тийгизди. Бул өзгөрүүлөрдүн баары жаңыланган Конституциянын кабыл алынышына ыңгайлуу жагдай жаратып, жаңыланган Конституцияда өз жолун табууга тийиш эле.

Ошентип, Кыргыз ССРинин Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу башталды, ал 1978-жылдын 15-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун жыйналышында каралып, андан кийин жалпы элдик талкууга чыгарылды.

Кыргыз ССРинин тогузунчу чакырылыштагы Жогорку Совети 1978-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алып берген.

Ал толугу менен СССРдин Конституциясынын жоболоруна жана принциптерине ылайык келген. Ошону менен бирге, анда республиканын тарыхый калыптанган өзгөчөлүктөрү, анын улуттук-мамлекеттик курулушунун тажрыйбасы чагылдырылган.

1990-жылдын экинчи жарымы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө жаңы бурулуш учур болуп калды, ошондогу саясий процесстер 1991-жылдын 31-августунда мамлекеттик көз каранды эместикти жарыялоо менен аяктаган. Тактап айтканда, 1990-жылдын 15-декабрындагы мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндөгү декларациянын кабыл алынышын  мамлекеттик өнүгүү жолундагы маанилүү этап деп атасак жаңылышпайбыз. Ал эми, 1991-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациянын кабыл алынышы менен кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы – көз карандысыз, өз алдынча өнүгүүнүн этабы башталды.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу коноктор!

1993-жылдагы Конституциянын негизинде Кыргызстанда постсоветтик мамлекеттин жана коомдун масштабдуу, революциялык трансформациясы башталган. Бирок, 1993-жылдагы Конституцияда каралган чоң потенциалды толук ишке ашыруу мүмкүн болгон жок. Ар бир мамлекеттин Конституциясынын мазмуну убакыттын талабына ылайык өркүндөтүлүп жана жаңыланып турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан негизги мыйзамга конституциялык реформалардын жүрүшүндө жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген.

Биринчи кезекте мамлекеттин институттарынын (Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн) функциялары жана ыйгарым укуктары менен байланышкан саясий жана конституциялык-укуктук проблемаларды чечүү үчүн 1993-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде 9 ирет конституциялык реформа жүргүзүлгөн.

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 2020-жылдын ноябрында Конституциялык кеңешме түзүлүп, анын милдети Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу болгон. Парламент Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоорун карап чыккандан кийин  2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумга чыгарылып, анын жыйынтыгы боюнча жаңы Конституция кабыл алынган. Колдонуудагы Конституциянын башкы милдети – эффективдүү мамлекеттик башкарууну уюштуруу.

Кандай болбосун, эффективдүү мамлекет саясий туруктуулукту, экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнүн келечегин камсыз кылууга тийиш. Коюлган милдеттерди чечүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо жөндөмү зарыл. Мындан сырткары, күчтүү же эффективдүү мамлекетке коом менен бийлик институттарынын ортосундагы байланышты ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү демократиялык элементтер керек. Ошондой эле тышкы кысымдарга да, жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топторго да каршы турууга жарамдуу административдик бийлик талап кылынат. Жеке кызыкчылыктарды көздөгөн топторго ири бизнестин, региондук кландардын же административдик-күч түзүмдөрүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн бирикмелер кирет.  Мындай жеке кызыкчылыктарга каршы туруу жана коомдун кеңири катмарынын кызыкчылыктарына жооп берген артыкчылыктарды аныктоо үчүн демократиялык жол-жоболор колдонулушу мүмкүн жана колдонулушу керек. Болбосо, мамлекет олигархиялык топтордун жана кландардын барымтасында калышы мүмкүн, же башкарууну токтотушу ыктымал.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз Конституциянын ченемдери менен принциптеринин сакталышын жана жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштешибиз керек.

Азыркы учурда Конституция  элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын өнүгүүгө өбөлгө болчу потенциалы жогору.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер — демократиялык жалпыга таанымал принциптерди ырааттуу түрдө бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдоо.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын дем-күчүн терең түшүнүп, маанисин жакшы билүүгө тийиш. Биз Конституцияны урматтап, ченемдерин сактап,  анын маңызын аңдап-билгенде гана өз өлкөбүздү, Ата Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын аздектеп сыйлайбыз. Ошондо гана мамлекеттин өнүгүүсүнө, коомдун биримдигине, тынчтыкка жана бейпилдикке жетише алабыз.

Биздин башкы милдетибиз – бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, жарандар тарабынан конституциялык ченемдердин жана принциптердин кынтыксыз сакталышын камсыз кылуу. Конституция түздөн-түз колдонулуучу жана таасир этүүчү башкы документ болууга тийиш!

Урматтуу мекендештер!

Азыркы учурда дүйнө өлкөлөрү сыяктуу эле мамлекетибиз да жаңы чакырыктарга жана кыйынчылыктарга туш болууда. Биз дүйнөлүк экономикалык кырдаалдан, жумуш орундарынын жетишсиздигинен, эмгек миграциясынан, ошондой эле саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөрдөн улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктарга кириптер болдук.

Мындан тышкары, биз жаратылышты жана анын ресурстарын келечек муундар үчүн сактоону камсыздоо аркылуу экологиялык саясатыбызды өнүктүрүүнү улантышыбыз зарыл. Андыктан  айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында  аракеттерибизди  күчөтөлү.

Учурда дүйнө COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, климаттын өзгөрүшү, терроризм жана экономикалык кризистер сыяктуу көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Биз биргелешип аракеттенгенде гана бул көйгөйлөрдү жеңип,  жарандарыбызга тынчтыкты, туруктуулукту жана бакыбаттуулукту текши камсыз кыла алабыз.

Ошону менен катар эле экономикабызды өнүктүрүү жаатындагы аракеттерди улантып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартышыбыз кажет. Айрыкча инфратүзүм, анын ичинде жол, энергетика жана транспорт тармактарын өнүктүрүү маанилүү.

Мындан сырткары, жарандарыбыздын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө, сапаттуу билим алуусуна жана ден соолуктарына кам көрүлүшүнө, калктын аялуу катмарынын укуктарын корголуусуна олуттуу көңүл буруу зарыл.

Санарип доордо маалыматтык технологияларды өнүктүрүү менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу аркылуу мамлекет менен элдин өз ара байланышын кыйла жогорку деңгээлге чыгаруу дагы зарыл иштерден болуп саналат.

Жарандар менен бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдар менен мамлекеттик уюмдарга кайрылууда кыска убакыт жана аз күч жумшай тургандай, эң башкысы иштин натыйжасын, үзүрүн бере турган чечимдерди иштеп чыгууга дагы активдүү катыша тургандай шарттар түзүлүшү керек.

Дебюрократизация коомдун жашоо-тиричилигинин бардык аспектилерине жетүүгө тийиш!

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарыбыздын укуктарын коргоого жана мыйзам алдында теңдигин камсыз кылууга милдеттендирет. Биз бардык жарандарыбыздын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жарандык эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу үчүн күч-аракетибизди жумшообуз керек.

Конституциянын дагы бир маанилүү аспектилеринин бири улуттук маданиятты жана тилдерди коргоо, сактоо, өркүндөтүү болуп саналат. Келечек муундарыбыз маданиятыбыздын бийиктиги жана тарыхыбыздын тереңдиги менен сыймыктанышы үчүн бай маданий мурасыбызды, даңазалуу тарых-таржымалыбызды, ата-бабалардан калган нарк-насилибизди сактап, барктап өткөрүп беришибиз керек.

Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет экенин, биз көп түрдүү маданиятыбызды, тилдерибизди баалашыбыз керектигин дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин! Көп түрдүү маданиятыбыз – бул биздин байлыгыбыз жана биз аны андан ары да өнүктүрүүгө жана сактоого тийишпиз.

Кыргызстандын ар бир жаранын жарандык жоопкерчилигин аңдап-сезип, мамлекеттин турмушуна жигердүү катышууга чакырат элем. Ошондо гана биз Кыргыз Республикасы үчүн салым кошуп, ийгиликтерди жарата алабыз. Бул өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды дегенди түшүндүрөт. 

Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат.

Бүгүнкү күндө демократияны, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аракетибизди колдоп-коштоп жаткан эл аралык өнөктөштөрүбүз менен достук мамиледеги өлкөлөргө ыраазычылык билдире кетейин. Биз сиздердин колдооңуздарды жогору баалайбыз жана өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыз уланат деп үмүт артабыз. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу болгон Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат.

Жалпы көйгөйлөрдү чечүү жана эл аралык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн сиздер менен иштешүүгө даярбыз.

Коңшу өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө байыркы маданий жана соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан географиялык позициядагы артыкчылыгыбызды акыл-эс менен пайдаланууга тийишпиз. 

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Конституциябыздын 30 жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктайм.

Ылайым, Баш мыйзамыбыз улуттук көз карандысыздыктын, мамлекеттик эгемендүүлүктүн жана демократиялык өнүгүүнүн символу болуп кала берсин! Өлкөбүздүн келечеги кең экенине бекем ишенем! Биз биримдиктүү болуп, ынтымакташа аракет кылсак, албан-албан ийгиликтерге жетебиз. Биздин күчүбүз – ынтымакта!

Өлкөбүздө тынчтык, элибизде биримдик болсун! Конституциябыздын түбөлүгү түз болсун!”-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392