Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкерлерди мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынганын маалымдайт.
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү №366 токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Токтомго ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу каралган.
Мындан тышкары, аталган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн алынуучу жыйымдардан да бошотулат.
Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:
• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттогон жана импортко КНСтен жана бажы жыйымдарынан бошотулуучу субъекттердин тизмеси;
• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жана импорттоодо КНСтен, ошондой эле бажы операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу жыйымдардан бошотулуучу жабдуулардын, технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмеси.
Аталган токтом зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, өндүрүш процесстерин модернизациялоого, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн финансылык жүгүн азайтууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик зергерлердин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.



