7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон иш сапары аяктады

130

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28-29-майда Астана шаарына (Казакстан) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразия экономикалык форумунун ишине катышты.

Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөп, жасалма интеллект мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болуп баратканын баса белгиледи. Ошону менен бирге Кыргызстандын жасалма интеллектти фискалдык жана башка системаларга киргизүү жаатындагы жетишкендиктери белгиленди.

Ошондой эле катышуучулар Евразия экономикалык форумунун алкагында уюштурулган Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы өлкөлүк көргөзмөгө барышты. Экспозицияда ЕАЭБ мамлекеттери мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, санариптик экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик системаларга жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана башка милдеттерди чечүүгө багытталган инновацияларды жана инструменттерди сунушташты.

29-майда Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Президент өз сөзүндө ЕАЭБ жалпы рынок мейкиндиги гана болбостон, технологиялык өнөктөштүктүн, биргелешкен инновациялардын жана өсүштүн жаңы чекиттерин түзүүнүн платформасы айлануу үчүн зарыл болгон дараметке ээ экенине ишеним билдирди. Катышуучулар бир катар документтерге кол коюшту. Иш сапар аяктаган соң Президент Садыр Жапаров 29-майда Бишкекке кайтып келди.

131