7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касперский лабораториясынын негиздөөчүсү Кумтөрдүн инновацияларын жогору баалады

187

Касперский лабораториясынын негиздөөчүсү Евгений Касперский Кумтөр кен жайына барып, Кыргызстандын эң ири алтын өндүрүүчү ишканасында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана негизги өндүрүштүк объектилер менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө конокко Кумтөрдүн ишмердүүлүгү, өндүрүштү өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө, өндүрүш процесстерин автоматташтырууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Евгений Касперский кен жайдын Борбордук карьеринде болуп, алтын ылгоочу фабриканын иши менен да таанышты. Ошондой эле өндүрүштүн масштабы жана ишкананын бийик тоолуу шарттагы иш өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай тармагынын өнүгүүсүндөгү заманбап тенденцияларды, санариптик технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелерин жана технологиялык өнүгүүнүн келечегин талкуулашты.

«Кумтөр Голд Компани» өндүрүштү модернизациялоо жана заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып, ишкананын натыйжалуулугун жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүсүнө багыт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

188