7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуяны териштирип баштады

1193

Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директоруна каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган.

Милицияга окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринде ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, эркин журналист Ыдырыс Исаков менен Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Исаков өз көрсөтмөсүндө, жогорудагы дарек боюнча журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп колу менен бетине чаап жибергендигин жана камерага асылып, микрофонун сындырып койгондугун билдирген.

Ал эми, Койчукулов өз көрсөтмөсүндө, өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксатсыз видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун айткан.

Учурда журналисттин денесинен алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуяга күбө болгондорду суракка камсыз кылуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1194