7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын кайрылууларын кабыл алууда

642

Милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын кайрылууларын кабыл алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак жана Ала-Бука РИИБдеринин милициянын көчмө кабылдама унаалары кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл аймактарды кыдырууларын улантышууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын ар кандай мазмундагы арыз-даттанууларын, сунуштарын жеринде кабыл алып жатышат. Түшкөн кайрылуулар тийиштүү органдарга жөнөтүлүп, милицияга тиешелүү маселелер өз убагында чечилип, арыз ээлерине жооптору берилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар жана аялдар комитеттери, аксакалдар соттору менен биргеликте тыгыз иш алып барып, алыскы аймактарда жашаган жарандардын арыз-муңун чечүүдө чоң жардам берип келүүдө.

Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы жыл башынан тартып 33 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, социалдык жана башка маселелер боюнча жалпы 46 жаранды кабыл алган.

 

643