7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды

639

Жалал-Абадда маршруткадан капчык уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, өз арызында 2021-жылдын 7-март күнү маршруткада баратканда 8 миң сомго жакын акчасы бар капчыгын белгисиз кылмышкер уурдап койгондугун билдирген.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Бул окуяга байланыштуу шектүүнү кармап, жоопкерчиликке тартуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн акчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош облусунун Өзгөн районунун 1983-ж.т. тургуну М.С. кармалып, жанынан өзгөчө кескин жыты бар 37 грамм (гашиш) баңзизатына окшош зат табылып алынган. М.С. тергөөнүн жүрүшүндө жасаган ишин толугу менен мойнуна алып, 2021-жылдын 7-март күнү саат 10:00 чамасында жеке иштери менен Өзгөндөн Жалал-Абад шаарына келгендигин, ооруканада жаткан таанышынан кабар алуу үчүн 16:00 чамасында маршруткага чыккандыгын билдирген. Маршруткада жүргүнчү болуп бараткан аялдын сумкасынан капчыгы көрүнүп тургандыгын, капчыкты эч кимге байкатпай алып, үстүндө кийип жүргөн кийиминин чөнтөгүнө салып, маршруткадан ошол замат түшүп калгандыгын айткан. Капчыктын ичинде 7000 сомго жакын акча болгондугун, акчасын алып, капчыктын өзүн таштанды таштоочу урнага ыргытып салгандыгын билдирген. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.

 

640