Бишкек-Ош унаа жолунда жолго түшкөн майда таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2021-жылдын 10-март күнү саат 22:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-408-чакырым аралыктарында (Аюу-Булак тилкеси) жана 11-март күнү саат 06:30 чамасында 367-370-чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) жолго майда таштар кулаган, жол каттамы ачык. Таш кулоодон жабыркагандар жок.
Тазалоо иштерине №30 жол тейлөө ишканасынан 11 кызматкер, КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, учурда тазалоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө.