7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Билет асмандын башы»… Россияга 1,2 млн жумушчу керек

406

9-мартта Россиянын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллин жумуш орундарын жергиликтүү жарандар менен толтуруу мүмкүн эместигин айтып, өлкөгө мигранттарды киргизүүгө жеңилдиктерди карап чыгууну сунуштады.

Ага өлкөдөгү курулуш компаниялардын өкүлдөрү кайрылып, мигранттарды ишке тартууга жардам сурашкан. Башкача айтканда пандемиядан кийинки чектөөлөрдөн улам, курулуш тармагындагы мигранттар Россия аймагында кескин азайып кеткен.

Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, ушул тапта 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Расмий эмес маалыматта милллиондой кыргыз мигрант бар экендиги айтылат.

Ушул учурда дагы Россияга бет алган кыргызстандыктар аз эмес. Бирок, Бишкек-Москва, Ош-Москва каттамына билеттин баасы интернет сайттарда 98 миң сомго чейин көрсөтүлүүдө.

15-21- мартка чейин Бишкек –Москва –багыты боюнча
-“Avia traffic” 25 -27 миңден жогору;
-“Turkish Airlines” 27 миң 909 миң,
— «Aeroflot» 28-30 миңден жогору сунуштоодо.

Ош –Москва
-“Turkish Airlines” 34 миң 200 дөн жогору,
-«Pegasus» -32-33 миңден жогору.

Кечээ, 9-мартта, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Россияга авиабилеттердин баасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Депутаттар Улугбек Ормонов жарандык авиация жаатын карап чыгууну сунуштады.

«Ушул тапта Москва — Бишкек каттамындагы авиабилеттердин баасы 8 миңден 15 миң сомго чейин, ал эми кайра баратканда 50 миң сомго чейин болууда. Эмнеге мынча чоң айырмачылык бар? Ушундай баалар бизде гана экен. Өзбекстан менен Казакстанда билеттердин баасы 20-25 миң сомго чейин. Биздикилер эле ашыкча акча төлөп жатышат. Россиялыктар өздөрү алда канча арзан учушат. Бул маселени тезинен чечүү керек», — деген депутат Ормонов.

Кыргызстандан- Россияга учууну негизинен 2 компания тейлейт. Ата-Мекендик «Авиа Трафик» жана Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы.

2020-жылы Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 млрд. сомду түзгөн. Анын ичинен 197 млрд. сому мигранттар которгон каражат. Башкача айтканда, былтыр эмгек мигранттардан 2,3 млрд. доллар келген. Бул ИДӨнүн 30% түзөт. Анын көбү Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.

407