Казакстандык ырчы Торегали Тореали 20 суткага камакка алынат. Бул тууралуу “orda” басылмасы жазып чыкты.
14-июнда ал Алматы шаарында баңгизат колдонгон абалда «Lexus» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып патрулдук унааны сүзүп алган.
«Ага алты укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна киргизилген. 7 жылга транспорттук каражатты башкаруу укугунан ажыратылат»- берилет маалыматта.