7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Бообек Ажикеев 60тан ашык өлкөгө төрага болуп дайындалды

848

Женевада (Швейцария) Кыргызстандын төрагалыгы алдында  ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин 54-сессиясында шайлоонун жыйынтыгы менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төраганын орун басары болуп Грузиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили шайланды.

«Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн турган ЖКЭУна төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. ЖКЭУ жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошот” — деп белгиледи министр Бообек Ажикеев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

849