7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Досмамбетов карылар үйүндөгү өрттөн жабыркаган 14 бейтапка барды

199

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндө чыккан өрттүн кесепетинен жабыркап түшкөн бейтаптардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жалпысынан Тез жардам клиникалык ооруканасына 14 бейтап жеткирилген: алардын 13ү көмүр кычкыл газына уулануу диагнозу менен, 1 бейтап I даражадагы күйүк алган.

4 бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда, 2 бейтаптын абалы оор, ал эми 8 жабыркаган адамдын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Абалдарынын оорлугу кошумча өнөкөт оорулар, көмүр кычкыл газына жана күйгөн заттарга уулануу менен шартталган.

Министр Каныбек Досмамбетов бейтаптарга каралган шарттар, дарылоо процесси менен таанышып, жабыркагандарга тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

200