Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жаңыдан өсүп келе жаткан жаш сүрөтчү, скульптор, музыкант, чебер уста, солист ж.б. өнөр адамдарына колдоо көрсөтүү максатында ар бири менен таанышып, кыдырып чыгууну ниет кылган.
Бүгүн алгачкы сапарын белгилүү, жаш скульптор Тамила Маматованын өнөрканасынан баштады. Тахмина Маматова студент кезинен бери жасаган баардык композициялары менен тааныштырган.
Азамат Жаманкулов Тамила өңдүү келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш скульпторлордун эмгектери өнөрканада эмес, өлкөнүн руханий казынасын байытууда өз салымын кошуп, көпчүлүктүн көңүлүнө тартууланышы керектигин айтып, министрлик тарабынан жаш скульпторлорго өнөркана ачып берүү маселесин карап көрөөрүн билдирген.
Ошону менен бирге Айтматовдун жаштыгын чагылдырган айкелине борбор калаадан орун берүү тууралуу сүйлөшүү болгон.
Тамила Маматова -1987-жылы Жалал-Абад облусунун Алабука районундагы Келте айылында туулган. 2007-2012-жылдары Т.Садыков атындагы Улуттук искусство академиясында, 2012-2018-жылдары Санкт-Петербургдагы Репин атындагы көркөм сүрөт академиясында билим алган. Кесиби боюнча скульптор-сүрөтчү.