Министрлер кабинети атайын токтом менен Бишкек–Ош жана түндүк–түштүк альтернативдүү автоунаа жолдорундагы туннелдер аркылуу өтүү үчүн төлөмдөрдү бекитти. Токтомдо тарифтер туннелдерди талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында белгиленгени айтылат.
Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн айдоочудан башка сегиз орундан ашпаган жеңил автоунаалар Бишкек–Ош жолундагы туннелдерден өткөнү үчүн 50 сом, ал эми түндүк–түштүк альтернативдүү жолундагы туннелдер үчүн 100 сом төлөшөт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн бул төлөм 200 сомду түзөт.
Сегиз орундан ашык жана жалпы салмагы 5 тоннага чейин болгон унаалар (анын ичинде тракторлор) үчүн Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Бишкек–Ош жолунда 100 сомдон, түндүк–түштүк альтернативдүү жолунда 250 сомдон төлөшөт. Ушундай эле типтеги чет өлкөлүк унаалар үчүн төлөм 1000 сом болуп белгиленген.
Сегиз орундуу жүргүнчү ташуучу жана салмагы 5 тоннадан ашкан, бирок 12 тоннага жетпеген жүк ташуучу унаалар Бишкек–Ош жолунда 250 сомдон төлөйт. Түндүк–түштүк альтернативдүү жолунда төлөм 500–700 сомду түзөт. Чет өлкөлүк унаалар үчүн тариф 1000–3000 сом болуп белгиленген. Ал эми салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар (анын ичинде комбайндар) Бишкек–Ош жолунда 500 сом, түндүк–түштүк альтернативдүү жолунда 1000 сом төлөшөт. Чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалар үчүн төлөм 5000 сом болуп белгиленген.
Белгиленгендей, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги туннелдерден өтүү үчүн алынуучу төлөмдөрдү көбөйтүү сунушун 2023-жылы киргизген. Министрлик муну туннелдерди тейлеген кызматкерлердин чыгымдары, коммуналдык жана башка төлөмдөрдүн өсүшү менен түшүндүргөн.



