7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан эмес, жүрөгү токтоп каза болгон

2010

Сүннөткө отургузуу операциясы учурунда каза болгон бала кан жоготуудан эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Наркоз сайып жаткан учурда баланын жүрөгү токтоп калган. Учурда оорукананын жетекчилиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта. 

Кечээ Бишкекте 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан кийин көз жумган. Анын №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү» диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгону маалым болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2011