7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик: Апасы менен терезеден кулаган наристенин абалы оор…

329

Саламаттыкты сактоо министрлиги апасы менен кошо терезеден кулап, оор жаракат менен ооруканага түшкөн наристенин абалы тууралуу маалымат берди.

Бүгүн, 5-апрель Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жабыркаган 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды.

Маалыматка ылайык, кыз өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Анын баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган.

Министр бейтаптын абалы менен жеке таанышып, консилиумга катышты. Медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

330