Маданият министрлиги Баткенде өтө турган Нооруз майрамына карата көрүлүп жаткан иш аракеттерди ырбатуунун кажети жок экендигин билдирди.
«Майрамдык салтанатты өткөрүүдө эч кандай 16 миллион сомго сүмөлөк жасоо пландалган эмес. Бюджеттен 15 миллион сом каралып, ага Баткен шаарындагы борбордук стадионду оңдоп түзөөгө жумшалууда. Ал эми 1 тонналык сүмөлөк демөөрчүлөрдүн каражатына жасоо пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин соцтармак коолдонуучулары Баткенде 16 миллион сомго сүмөлөк жасаларын жазышып, талкуулап жатышкан.