7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик сабиздин кымбаттаган себебин түшүндүрдү

1036

Кыргызстанда соңку күндөрү 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, быйыл сабиздин айдоо аянты былтыркыдан көбүрөөк, июлда түшүм жыйналганда баа турукташат.

Министрдин орун басары сабиз кымбаттаганы ага сыртта болгон суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирип, “2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылганын” белгиледи.

“2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилди. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда сабиздин, картошканын жана азыр кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз”,-дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1037