7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгын чыгарды

2

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь–июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Касымалиев белгилегендей, алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,1% болду.

Экономикалык өсүшкө бардык негизги тармактар оң салым кошту:

  • Курулуш тармагы эң чоң өсүштү көрсөттү – 60,6%;
  • Кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 6,1% га өстү;
  • Айыл чарбасы – 6,0% га өстү.
  • Жалпысынан өнөр жай тармагындагы өсүү 11,2% түздү.
  • Тармактар боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
  • Химиялык продукцияны өндүрүү – 2,9 эсеге көбөйдү;
  • Тазартылган мунайзаттарды өндүрүү – 1,8 эсеге өстү;
  • Транспорт каражаттарын өндүрүү – 41,8%;
  • Курулуш материалдарын өндүрүү – 33,6%;
  • Пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү – 16,9%;
  • Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү – 13,0%;
  • Негизги металлдарды өндүрүү – 8,5%;
  • Азык-түлүк өндүрүү – 2,4%.

Министрлер кабинетинин башчысы мындай экономикалык динамиканы абдан жогору жана позитивдүү деп атады. Ал 2026-жылдын башынан тартып республикада негизги капиталга салынган инвестициялардын рекорддук өсүү темпи катталганын кошумчалады. Алардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8% га өстү. Негизги капиталга салынган инвестициялардын өсүшү ички булактардын 1,4 эсеге, сырткы булактардын 3,1 эсеге көбөйүшүн эсебинен камсыз болду.

Кеңешмеде чакан жана орто ишкечиликти (ЧОИ) комплекстүү колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт тарабынан ата мекендик ишкерлер үчүн мамлекеттик программалардын жана жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорунун комплекси ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Кабыл алынган чаралардын аркасында ЧОИ сектору жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү:

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы ЧОИ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жалпы кошумча нарктын көлөмү 54,5% га өсүп, 1 триллион 15 млрд сомду түздү.

Салыштыруу үчүн: 2024-жылы – 657,1 млрд сом болгон. Ошондой эле чакан жана орто бизнестин ИДПнын структурасындагы үлүшү 9,9 пайыздык пунктка өсүп, 51,4% ды түздү. 2024-жылы – 41,5% болчу.

«Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% га өсүп, 27,3 миңди түздү. ЧОИ жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% га көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти», – деп баса белгиледи ал.

3