7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлепберген ажырашты

1700

Ырчы Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлөпберген менен ажырашты. Бул тууралуу жубайы социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

“Бардык жомоктун аягы болот. Менин жомогум кубанычтуу жана кайгылуу болду. Анын бүтөр жери бар, кимдир бирөө үчүн аягы өтө романтикалуу эмес, бирок башкысы — ал чындык. Мирбек аябай таланттуу артист, кыргыз элинин уулу . Ага сыйым жана сүйүүм чексиз. Биздин эң сонун үч балабыз бар, бир жашаган учурда көптөгөн жагымдуу элестер калды. Бирок жашоодо эки ажырым жолго түшүүгө туура келип калат экен. Мен ага бир гана жакшылык каалайм. Ал менен бир болгон күндөргө ыраазымын. Биздин балдар жашообуздун маңызы, алар ата-энелеринин чынында бактылуу болгонун көрсө, бизден дагы бактылуу болушат деп ойлойм.

Бул чечим кантип келип чыкканын, эмне үчүн экени жөнүндө эч нерсе айтпайм. Чекит коюлду. Бул тууралуу айтуу мен үчүн аябай оор, сиздерди түшүнүү менен кабыл алып, сындабайт  деп ойлойм”-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1701