7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Молдовановкадагы абакка 2 килограммдан ашык баңгизат ыргытууга шектелгендер кармалды

735

Молдовановкадагы абакка белгисиз затты ыргытууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти .

Маалыматка караганда, 31-мартта 23:45 чамасында №1 түзөтүү мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматери жана ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын негизинде сырт тараптан белгисиз затты мекеменин ичин көздөй ыргытууга шектелген эки жаран кармалды. Алардын 1995 жана 1999-жылы туулган жарандар экени аныкталган.

Тинтүүгө алганда 4 даана скотч менен оролгон салмагы 2 килограмм 170 граммды түзгөн өзгөчө атайын жыты бар күрөң түстөгү зат табылды. Окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирилип, ИИМдин Аламүдүн РИИБге катталып, өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736