7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон сапары аяктады

337

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун 20-23-июлда болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын башында Президент Садыр Жапаров менен Монголия Республикасынын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан кийин эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарбасы сыяктуу эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-монгол биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду.

Андан соң мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасашты.

Мындан тышкары, Монголиянын Президентинин мамлекеттик сапарынын маданий бөлүгүнүн алкагында президенттер Ысык-Көл жээгинде өткөн «Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалына барышты.

Сапардын аягында Кыргызстан менен Монголиянын президенттери Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна болушту.

338